ИИМ: Мотоциклдин кыймылдаткычына жашырылган баңгизат табылды

  • 2 года мурун

Токтогул районунан Бишкекти көздөй келе жаткан унаанын багажынан баңгизат жашырылган кыймылдаткыч табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Сатуу максатын көздөбөй, баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Чычкан” коктусундагы автоунаа постунда Токтогул районунан Бишкек шаарына көздөй келе жаткан ак түстөгү “Хонда Степвагон” автоунаасы токтотулуп, тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында унаанын багажынан 47 даана ширеңке коробкасы формасындагы ачык-күрөң түстөгү, гашиш өзгөчө жытына ээ 650 гр. катуу зат жашырылган мотоциклдин кыймылдаткычы табылган.

Автоунаасынын айдоочусу 1994-жылы туулган Т.Н. Токтогул-Бишкек каттамы боюнча жүк ташуу менен алектенерин, бул кыймылдаткыч Чон-Арыктык “Кайрат” аттуу жигитке таандык экендигин жана ал акча төлөп аны Бишкекке жеткирүүнү сурангандыгын айткан.

Айдоочунун көрсөтмөсүнө ылайык көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ошол эле күнү Токтогул районунун А. К. аттуу 29 жаштагы тургуну кармалып, күнөөсүн толук мойнуна алган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, ыкчам тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты