ИИМ: Москвада кыргызстандыкка каракчылык менен кол салуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Москвада кыргызстандыкка каракчылык менен кол салуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бир катар маалымат агенттиктер, анын ичинде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары “Москвада кыргызстандыктын 100 миң доллар тонолуп, ага карата эки жолу ок атылган” деген маалымат жарыяланган.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул факты боюнча өзүнүн ыйгарымынын чегинде тиешелүү чараларды көргөн. 28-ноябрда 102 кызматына Москва шаарынын Литовский бульварында октон жарадар болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 13:40 чамасында кавказ улутундагы эки белгисиз адам тапанчага окшош буюм менен банктын филиалынын жанынан Кыргызстандын А.Т. аттуу жаранын коркутушуп, сумкага салынган 70 миң долларын тоноп кетишкенин аныкташкан. Кыргызстандын жараны А.Т. кол салгандардын артынан бара баштаганда, белгисиз адам аны көздөй бир нече жолу ок чыгарган, андан кийин алар унаага түшүп, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Окуя болгон жерден болжол менен травматикалык куралдын 3 гильзасы алынган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча жабырлануучу кыргыз жараны, Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулган Т.А., анын Орусиянын аймагында убактылуу каттоосу жок. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ингушетиянын жараны кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, айыптоо маселеси чечилип жатат», — деп жазылат маалыматта.

Учурда бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты