ИИМ милиция кызматкеринин маянасы боюнча маалымат берилди

  • 2 года мурун

ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы толугу менен төлөнүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда президент Садыр Жапаров “Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында, 1-октябрдан тартып аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

Министрлер кабинетинин токтому боюнча, ИИМнин буйругу чыккан. Анда ар бир айда ИИОнын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо үстөк акы 20 миң сом төлөнүп турат. Ошондой эле, өзгөчө абалда кызматын өтөшкөн ИИОнын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында Баткен облусунун ИИБдин бир катар бөлүктөрүнө ай сайын алган 20 миң сом акча каражатынын үстүнө кошумча акы төлөнүп берилип турат. Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызматын өтөшкөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ар бир ай сайын 30 миң сомдон үстөк акы кошумча төлөнүп бериле баштады.

Ошондо Баткен областтарындагы жогоруда аталган ички иштер органдарында иштегендер айлык акысынан тышкары 50 миң сом үстөк кошумча акы алып жатышат. Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат.

Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат. ИИМдин Күзөт кызматы менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлер 1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты