ИИМ: «Мас абалында унаа башкаргандардын саны 38 пайызга азайды»

  • 1 год мурун

Мас абалында унаа башкаргандардын саны 38 пайызга азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-марттан баштап күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны бир топ азайган.

«Жакынкы үч жылдын 9-мартынан тартып, 12-мартына чейинки үч күндүн жыйынтыгына талдоо жүргүзө турган болсок. 2021-жылдын үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган. 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу аныкталган. Ал эми 2023-жылдын үч күн ичинде 152 мас айдоочу аныкталган. Жалпылап алганда жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, өлкө аймагында мас абалында унаа башкаргандардын саны 38 пайызга азайып жаткандыгын байкоого болот», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мурда мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом айып салунчу, азыр жаңы эрежеге ылайык, мас айдоочулар бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Кайталап жасаган учурда, үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты