ИИМ: Кыргызстанда үч жылда 27 нарколаборатория жок кылынды

  • 2 недели мурун

Үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория кылмыштуу иш аракети жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен синтетикалык баңги заттарды даярдоо боюнча — 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча — 15.

27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттар мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жок кылынып, ичинде синтетикалык — 11и, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча -14ү аныкталган.

2021-жылы 4 нарколаборатория, ичинен каннабис -3, синтетикалык -1.

2022-жыл 11 нарколаборатория, ичинен каннабис -4, синтетикалык -7.

2023-жыл 12 нарколаборатория, ичинен кара куурай -8, синтетикалык -4.

2024-жылдын отчёттук мезгилинде кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун 3 нарколаборатория аныкталган, алардын ичинен 2 нарколаборатория ИИМдин БМЖККК тарабынан аныкталган.

Үч жыл ичинде нарколабораторияларды жоюунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 799 килограмм 944 грамм баңгизаттары жана психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган:

2023 — жылы Баңгизатка каршы эл аралык «Канал» операциясынын этаптарынын биринде ЖККУга катышуучу өлкөлөрдүн аймагында 897 кг оор баңгизаттары алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты