ИИМ: Коррупцияга шектүү катары мамлекеттик кызматкер кармалды

  • 1 год мурун

Коррупцияга шектүү катары мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Сокулук районундагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттерин тастыктаган фактыны аныкташты.

Шектүүлөр алдын ала макулдашып алышып, кызматтык абалдарынан пайдалануу менен жеке жактарга муниципалдык менчикти мыйзамсыз берип коюшкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты