«Сөөгүн жиликтеп, ыргытып жиберген». Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги Чүй облусунун Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-февралдын кечинде Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жолдогу гараждардын артында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам топ жерине барып, маркумдун денесинин бөлүктөрүн таап, буюм далилдерин (кийимдери) алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Анын алкагында маркум 1977-жылы туулган Жайыл районунун тургуну Д.Э. экени аныкталган жана кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган ошол эле Жайыл районунун тургуну С.А. кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум менен шектүү 2-январда чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп мушташа кетишкен. Д.Э. алган жаракатынан улам каза болгон.

Милициянын маалыматында 4-январда шектүү С.А. маркумдун сөөгүн бөлүктөргө бөлүп, Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүгүндөгү темир жол тараптагы гараждардын артына ыргытып жибергени жазылат.

Д.Э. 4-январдан бери дайынсыз болгондуктан, Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты