ИИМ: Көк-Жардагы жер маселеси боюнча төрт адам кармалды
- 10 месяцев мурун
Бишкектин Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда жолду жаап салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-августта билдирди.
Мындан тышкары, айдоо жерлерге мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен мурдагы Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы М.К., Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин азыркы директору Д.Э. жана Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Н. кармалды.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жолду жаап салууга шектелген И.Г. аттуу жаран мыйзамсыз жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды.
Жалпысынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча жарандардан бир нече арыз түшкөн. Ал “жер мафиясынын” активдүү мүчөсү катары мыйзамсыз жер тилкелерин сатууну уюштурган, айрым кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып, жарандарды жол тосууга үгүттөп жана башка чагымчыл аракеттерди жасаган.








