ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук боюнча өз дарегине айтылган сындарга жооп берди

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аялдар жана балдарга карата зомбулуктун көбөйүшү жана милицияга айтылып жаткан сындар боюнча билдирүү таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын ИИМ жетекчисине болгон сын-пикирине дагы жооп жазылган. Кыргызстанда жарандардын укуктары, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам иштеп жатканы, ага карабастан зордук-зомбулук фактылары көбөйгөнү белгиленген.

ИИМ берген маалыматка ылайык, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и (53%) кыскарганы белгиленген. Ага кылмыштын курамы жок болгону себеп болгон. Өндүрүштөгү 249 кылмыш ишинин 223үнүн (89,5%) бети ачылган. 148 факты сотко өткөрүлгөн.

Никеге туруу максатында адам урдоо фактысы боюнча 254 кылмыш катталып, анын 214ү (84%) кылмыштын курамы жок деген негизде кыскартылган. 23 учур боюнча жабырлануучу тараптын арызы жок болгондуктан иш кыскартылып, 14 иш сотко ашкан.

Милиция өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 фактыны каттаган. Жабыр тарткандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын 8463 аялдар, 264ү балдар.

Ал эми 2022-жылы беш айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 3988 факты катталып, 3693 жабырлануучуга убактылуу коргоо ордери берилген. Милиция мекемелер аралык отчетко таянып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 1392 протокол түзүлгөн. Сот тарабынан коомдук жумуштарга тартуу боюнча 714, камакка алуу 443 жана 98 учур соттун кароосунда экенин кабарлады. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 99у сотко жеткен.

Кечээ, 5-июлда Ички иштер министрлигинин алдында кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өткөн. Акцияга чогулган укук коргоочулар жана жарандык активисттер министрдин отставкасын талап кылышкан. Ошондой эле отуздай уюм президентке кайрылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты