ИИМ: Ишкерлерге карата жасалган тоноо фактысынын бети ачылды

  • 9 месяцев мурун

Ишкерлерге карата жасалган тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын сентябрь жана октябрь айларында Ош шаарында криминалдык түзүмдөр тарабынан ишкерлерге карата кысым болгон. «Маданий тиричилик жана чарбачылык багыттагы буюмдарды жана мүлктөрдү даярдоо менен алектенген ишкерлерге өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары тааныштырган жаран келип, үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап берүүнү талап кылган. Ал дагы бир нече жолу келип, коркутуп, физикалык күч колдонуп, унаасына даяр буюмдарды жүктөп алып кетип калган. Жабырлануучуларга 100 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Ушуга байланыштуу, коркутуу жана укукка каршы аракеттер боюнча текшерүү башталды. Топтолгон материалдын негизинде Ош шаарындагы Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чарасын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында укукка каршы аракеттерге шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1991-жылы туулган М.Ф. (ал М.С. атын өзгөртүп салган)», — деп жазылат маалыматта.

Көрсөтүлгөн жаран мурда бир нече жолу соттолгон, криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Текшерүү жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты