ИИМ: «Ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн 100  жетекчиге тартип жазалары берилди»

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинде жылдык коллегия өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Коллегияга министр Улан Ниязбеков катышты.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн бүгүнкү отурумга катышкан 100  жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Андан сырткары  жетекчилик курамдагы 4 кызматкерге кызматтык иликтөө жүргүзүлүп,  ошону жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүнө баа бериле тургандыгы коллегиянын чечиминде белгиленди.

Коллегиянын экинчи маанилүү кабыл алынган чечиминин бири облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктардын сунушу менен республика аймагындагы райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустук жана шаардык Башкармалыктардын бөлүм жетекчилери да жакынкы аралыкта ротацияга алына тургандыгы да айтылды.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы  ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

“Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүлсүн”, — деди Улан Ниязбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты