ИИМ «Ихсандан» жабыркагандарды Тергөө кызматына кайрылууга чакырды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги «Ихсандан» жабыркагандарды Тергөө кызматына кайрылууга чакырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат.

Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон доллар зыян келтирилген.

«Ички иштер министрлиги жарандарды финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат. Эсиңизде болсун, олуттуу акчаны топтоо үчүн көп жылдар талап кылынат жана бир шашылыш чечимдин натыйжасында бир эле учурда бүт сумманы жоготуп коюшуңуз мүмкүн. Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жапа чеккен болсо ИИМдин Тергөө кызматына кайрылыңыздар. Телефон номерлер: 0 312 26 64 05, 0 709 11 45 74, же 102. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты