ИИМ эскертет: Тюбинг менен муз тебүүдө коопсуздук эрежелерин сактаңыз
- 5 месяцев мурун
ИИМ жаңы жылдык майрамдар учурунда жарандарды баллон (тюбинг) менен муз тебүүдө өзгөчө сак болууга чакырат. Майрам күндөрү, айрыкча тоолуу аймактарда эс алуу маалында коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, кырсыктар катталып жатканын министрлик эскертет.
Баллон (тюбинг) жогорку ылдамдыкта жүргөндүктөн, аны башкаруу жана токтотуу кыйын болуп, дарактарга, таштарга же башка адамдарга урунуунун коркунучу жогору. Мындай учурлар көбүнчө кулап кетүү, сөөктүн сынуусу, мээ чайкалышы сыяктуу оор жаракаттар менен аяктайт.
Каргашалуу окуялардын алдын алуу максатында ИИМ тюбингди атайын жабдылган, коопсуз трассаларда гана колдонууга чакырат. Ошондой эле тюбингге бир адам гана отуруп, алдыга карап түшүү, трассанын бош экенин алдын ала текшерүү зарыл. Тюбингди автоунаага же квадроциклге байлап колдонууга тыюу салынат.
ИИМ жарандарды өз өмүрүнө жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.




