ИИМ: «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды»

  • 7 месяцев мурун

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын аймагында жарандык сектордун кайрымдуулук жана ыктыярдуу ишмердүүлүктү колдоо өкүлүнүн катышуусу менен кара куурай тобунун баңгизаттарды сатуу каналы жоюлду.

«Ак-Босого жаңы конушунда 1987-жылы туулган М.А. башкаруусундагы «Мазда-6» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, андан жеке текшерүү учурунда «Элдик көзөмөл»коомдук бирикмесинин мүчөсүнүн күбөлүгү табылып, алынган. Кармалган жарандын жашаган жеринде ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери «Афур» аттуу кызматтык-иликтөө ити менен биргеликте от жаккан мештин бурчунан «гашиш» баңги заты табылып алынган. Жалпы салмагы 272 граммды түзгөн. Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Учурда ИИМдин БМЖККК кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты