ИИМ чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Улуу Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти.

Алдамчылыкка жол бербөө жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн жарандарды шектүү жагдайлар, учурлар тууралуу милицияга кабарлап турууга чакырды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргызстандыктар сезондук айыл чарба иштерине мигранттарды тарткан британдык программага катыша аларын билдирген. Макулдашууга Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койгон.

Программанын эрежесине ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин өз мекенине кайтып келиши керек.

Программа тууралуу толук маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун сайтынан жана AgriHR компаниясынын сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты