ИИМ Чүйдөгү түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизат ташыган туруктуу канал аныкталганын билдирди

  • 2 года мурун

Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине ири өлчөмдөгү баңгизатты алып кирип, сатып жүргөн туруктуу канал аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Юстиция министрлигинин Жазалады аткаруу кызматынын Башкы ыкчам-издөө башкармалыгы Чүй облустук ИИББнын Ыкчам чара көрүү атайын отряды менен биргеликте Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койгону айтылат.

Маалыматка ылайык, бул иштин алкагында түзөтүү жайында жаза өтөп жаткан “воровской общак” лидерлери, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү Т.У.А. жана Д.У.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алар сөз болуп жаткан каналдын уюштуруучулары болгон.

Мындан сырткары 1995-жылы туулган О.К. баңгизат каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде кармалган. Аны кармоо учурунда 1 кг. 246 грамм салмактагы “гашиш” заты алынган.

Дагы бир Т.Д. аттуу жаран баңги каражаттарын өткөрүп бергенге аракет кылган деген шек менен кармалып, анын жанынан 1 кг 125 грамм «гашиш» табылган.

Учурда Уюшкан кылмыштуу топтун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар башка активдүү мүчөлөрүнө карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты