ИИМ: «Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды»

  • 2 года мурун

Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгилаборатория табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалды. «Тинтүү жүргүзүү учурунда жаран К.С. үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт. Андан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 миллилитр көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель», — деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран К.С. жана далил заттар Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты