ИИМ: быйыл миграциялык мыйзамды бузгандардан 41 млн сомдон ашык айып пул өндүрүлдү

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын 11 ай ичинде миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндө 7962 укук бузууларды, анын ичинен чет элдик жарандардын 7171 укук бузганын аныкташкан. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча
Кыргыз Республикасына чакырылган же чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн 1096 протокол түзүлдү.

Чет өлкөлүк жарандарга болуунун белгиленген тартибин, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 6654 протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 протокол түзүлдү.

Чек арадагы эмгекчи-мигранттар тарабынан Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн 154 протокол түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын жарандарын уруксатсыз же уруксатта каралган шарттарды бузуу менен чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн 10 протокол түзүлдү.

ИИМдин ЭММКАКтын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар салынып, мамлекеттик бюджетке 41 млн 162 миң сом өндүрүлгөн.

Өлкөдөн 17 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты