ИИМ: Быйыл алты айда 12,8 тоннадан ашык баңги заттары кармалган

  • 1 месяц мурун

2024-жылдын алты айында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 677 кылмыш иши аныкталган.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Министрлик берген маалыматка ылайык, быйыл баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 12 тонна 835 килограммдан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекусорлор алынган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 7 тонна 634 килограмм 147 граммга көп.

Ички иштер органдары бул жаатта, айрыкча Интернет аркылуу баңги заттардын таркалышы, дарыкана баңгилигине каршы күрөштү аёосуз жүргүзүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты