ИИМ: Бостеридеги жарандын өлүмүнө шектелип 4 адам кармалды

  • 12 месяцев мурун

Бостеридеги жарандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ: Бостеридеги жарандын өлүмүнө шектелип 4 адам кармалды

Ушул жылдын 6-августунда Бостери айылында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.

Окуяны Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы А.Бнын. өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук — химиялык экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө беришкен. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Тергөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29-жаштагы Э.А. болуп чыгышты.
Аталган жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты