ИИМ Болот Темировго козголгон кылмыш иштери тергелип бүткөнүн билдирди

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иштери тергелип бүтүп, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов 26-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Темировго козголгон төрт кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген.

«Болот Темиров 16 жашында, 1996-жылы Орусиянын паспортун алган. Журналист чоочун адамдын аскер билетин пайдалануу менен 2008-жылы кыргыз паспортун алган», — деди Исмаилов.

Буга чейин Болот Темиров мындай дооматтарды четке кагып, Курманбек Бакиев президент болуп турганда документтери тыкыр текшерилгенин айткан.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде журналисти жасалма документтердин негизинде паспорт алган деп айыптаган.

«Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады»,-деген Жапаров.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты