ИИМ: «Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында иш-чараларды жүргүзүүдө»

  • 2 года мурун

Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Өздүк курам  тиешелүү каражаттар жана техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалып,  башка күч түзүмдөрү менен бирдикте кызмат өтөшүүдө.

Андан сырткары, коопсуз аймактарда элди  убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулгандыктан, Баткен ОИИБдин кызматкерлери  чек арадагы атышууга байланыштуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарынын жана Төрт-Көчө участкасынын, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарынын тургундарын көчүрүүгө жардам беришип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө», — деп жазылат малыматта.  

Азыркы тапта абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Учурда  Баткен облусунун күч түзүмдөрү толугу менен коомдук тартипти сактоо жана кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты