ИИМ: Башка бирөөнүн мүлкүн өрттөп кеткен жаран кармалды

  • 1 год мурун
ИИМ: Башка бирөөнүн мүлкүн өрттөп кеткен жаран кармалды

Башка бирөөнүн мүлкүн өрттөп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Февраль айынын аягында Талас облусунун айылдарынын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылып, белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаганын билдирген.

Окуя болгон жерге ИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишип, кароо жүргүзүшкөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр жабыр тарткан. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп ыкчам келишкен кошуналар өрттү өчүрүүгө киришишкен. Убагында кошуналар байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калышы толук ыктымал эле.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Талас РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө тапшырмасынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо бонча иштерди алып барышкан. Андан соң, шектүүнү кармоо иш-чарасы Ысык-Көл районунун аймагында өткөрүлүп, ага Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери дагы тартылган.

Кармалган жаран 1994-жылы туулган Э.А. Ысык-Көл районунда жашайт, мурда көп жолу соттолгон, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Болжолдуу маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран Э.А. Талас районуна экөөнүн ортосунда чыккан уруштан улам жубайынын артынан барган. Анткени жубайы туугандарына келиши мүмкүн деп ойлогон. Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар.

Кармалган жаран Талас РИИБге тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилди.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты