ИИМ: “Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды»
- 2 года мурун
“Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай алдын алуу иш-чаралары ар дайым өткөрүлүп турат жана ал кылмыштуулукту эскертүүгө, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюга жана анын бетин ачууга, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөндөрдү жана коомго каршы аракеттерди жасашкандарды аныктоого багытталган.
Аталган операцияны өткөрүү маалында республика аймагы боюнча 18 кылмыштын бети ачылды.
Анын ичинде бейбаштык, алдамчылык, тоноо. Мурда жасалган 7 кылмыштын бети ачылды. Мүлктүк кылмыштарды жасоо үчүн издөөдө жүргөн 4 адам кармалды.
Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 10 адамды аймактык бөлүмдөргө жеткиришип, алар менен алдын алуу боюнча маектешүүлөрдү жүргүзүштү.