ИИМ: «Аялдын мүлкүн күч менен тартып алган жаран кармалды»

  • 8 месяцев мурун

Аялдын мүлкүн күч менен тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн (УКККБ) ыкчам кызматкерлери тарабынан талап-тоноого шектелген, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкек шаарында белгисиз адам күч колдонуп, борбор калаанын тургунун коркутуп 20 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Маалым болгондой, белгисиз адам андан кийин телефонду күрөөканага күрөөгө койгон.
Жабырлануучу милицияга үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында гана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер боюнча чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү «Тоноо» менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталып, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча УКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
7-декабрда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катарынд Нарын облусунун тургуну 1983-жылы туулган С.К. кармалган.

Алынган маалыматтарга караганда, кармалган жаран кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманып, мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты