ИИМ: Автоунаа документтерин жасалмалоо фактысы аныкталды

  • 5 дней мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери автоунаага байланышкан документтердин жасалмасын жасоо фактысынын бетин ачышты.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы бүгүн, 14-сентябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну, 1986-жылы туулган З.Б.га кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча айып тагылып, сырттан  айыбы угузулган жана издөө жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын декабрь айларында аталган З.Б. аттуу жаран Литвада ал мамлекеттин жаранынын 2004-жылы чыгарылган “Хонда Джаз” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып алган. Бирок автоунааны мыйзамдуу бажы тариздөөдөн өткөрбөстөн аны тетиктерге бөлүштүрүп, кыймылдаткычын чыгарып, Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасынын аймагына оор жүк ташуучу автоунаа менен алып келген.

Аталган автоунааны тетик түрүндө бажы тариздөөдөн өткөрүп, бажы төлөмдөрүн төлөгөн. Анын автоунаа түрүндөгү бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес.

Автоунаа катарында колдонуу максатында, ал тетиктерин кайрадан чогулткан. Аталган автоунааны Казакстан Республикасынын аймагында каттоодон тургузуп, кайрадан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде сатылып алынгандыгы тууралуу жалган келишимдерди түзгөн.

Жасалма документтерин колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын “Унаа” мамалекеттик мекемесине айдап барып, жасалма документтердин негизинде каттоого коюп, мамлекеттик номур алып, техникалык каражаттын күбөлүгүн алган. Анын натыйжасында, мамлекетке жалпысынан 441 000 сомдон ашык зыян келтирген жана автоунааны үчүнчү адамдарга сатып жиберген.

Тергөө учурунда мамлекетке келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлгөн.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты