ИИМ: Айыл башчы тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган

  • 1 день мурун

Кара-Сууда айыл башчы тергөөчүгө 10 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. аттуу жергиликтүү тургундардын ар бири жасалма документтердин негизинде жарым гектар (0,5 га) жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мындан улам күч органдары тарабынан менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү жүрүп жаткан учурда аталган райондогу Датка айыл аймагында жайгашкан айылдардын биринде айыл башчы болуп эмгектенген 1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу милициясынын тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 000 АКШ долларын пара катары сунуштап, кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты