ИИМ айдоочуларды алыс жолго чыгууну токтото турууга чакырды

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги айдоочуларды алыс жолго чыгууну токтото турууга чакырды.

«Аба ырайынын туруксуз шарттарына байланыштуу айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга, ылдамдыкты азайтууга, каптал аралыгын жана аралыкты узартууга чакырабыз. Айдоочулардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 500 метр аралыкка чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кар тазалоочу техникаларга да жардам көрсөтүлүп, жолдун кооптуу тилкелериндеги кыймылды жарым-жартылай жаап жатышат», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Каракол-Эңилчек автожолу 20-февралга чейин жабылды. Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45 чакырымынан 130 чакырымына чейинки тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты