ИИМ: Адам уурдоого шектүү кылмыштуу топ кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери адам уурдоого шектүү кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече  белгисиз адам 28 жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен «Тойота” үлгүсүндөгү унаага салып, ээн жерге алып барышкан. Ал жерде жабырлануучуну коркутуп, жанындагы 50 миң сомун тартып алышкан. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну кое беришкен.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

4-майда жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында адам уурдоого шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну А.А., Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну Б.М., Талас облусунун тургуну О.М. жана Нарын облусунун тургуну Ш.Ж. кармалды.

Милициянын маалыматтына ылайык, кармалгандын экөө ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү  учурунда  Макаров  тапанчасынын базасында  жазалган травматикалык тапанча, 3 даана бычак, ошондой эле «Toyota», «Volkswagen Golf III», «Volkswagen Passat», «BMW 525» транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана  эки мамлекеттик номердик белги табылган.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты