ИИМ: Адам өлтүрүүгө шектелген үч казакстандык Кыргызстандан кармалды

  • 11 месяцев мурун

1-сентябрда Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип, Кыргызстанда жашынып жүргөн үч казак жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кармалгандардын бири Казакстандын Жамбыл облусунун Шу районунун тургуну 2000-жылы туулган Ш.М. мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган. 

2022-жылы 25-сентябрда Жамбыл облусунун Шу райондук ооруканасына ок тийип, жараат алган төрт адам түшүп, алардын бири жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Бул кылмышка тиешеси бар шектүүлөр кармалып, бирок Ш.М. аттуу жаран качып кеткен.

21-августта Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган камералар Ш.М.нын Кыргызстанда жүргөнүн аныктап, милиция кызматкерлери шектүүнү соода борборлорунун биринен кармашкан. Ошол эле күнү экспертизадан өткөрүүгө барган учурда аталган жаран дагы качып кеткен.

29-августта Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Интерпол менен бирге иш алып барып, шектүүнү Туңгуч кичи районунан кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Ошол эле күнү Астана шаарындагы кафелерди биринде бир адамды бычактап, Бишкекте жашынып жүргөн дагы бир казакстандык кармалган. Бычакталган 1995-жылы туулган жаран ооруканада каза болуп, бул боюнча Казакстандын милициясы “ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, кокустуктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” беренеси менен иш козгогон.

Чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкекте жашынып жүргөн жаранды Кыргызстан менен Казакстандын милиция кызматкерлери Жал кичи районунан кармашкан.

ИИМ июль айында Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы фитнес машыктыруучу Дамир Туребаевди атып өлтүрүүгө шектүү жаран да Бишкектен кармалганын билдирди. 1992-жылы туулган алматылык жаран июль айынын соңунда Бишкектеги мейманканалардын биринен колго түшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты