ИИМ: «70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү»

  • 2 года мурун

70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кара куурай» жана «Канал-Невский щит» аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында, 2023 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2069 гектар жер изилденди, анын ичинен 86 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды, анын жалпы салмагы 70 тонна 118 килограмм түздү. Аталган ыкчам алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 7 баңгилик кылмыш аныкталды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 килограмм 503 грамм баңгизаттар жана психотроптук заттар алынды, анын ичинен: гашиш – 11 килограмм 954 грамм, психотропттук заттар -1 килограмм 671 грамм, кара куурай – 878 грамм.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты