ИИМ: 20 кг ашык баңгизатын ташууга шектүү жарандар кармалды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ири көлөмдө маңзат ташууга шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Эркин-Тоо көчөсүнөн “Форд Фокус” автоунаасына тинтүү жүргүзүлүлүп, автоунаанын багажынан кочкул-жашыл түстөгү марихуана баңги каражатына окшогон зат салынган полиэтилен баштык табылган.
Андан сырткары автоунаанын ичинде  отурган Ж.Н. аттуу жүргүнчүнүн өздүк буюмдары салынган баштыктан сүйрү формадагы кочкул-жашыл түстөгү кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылган.

Андан соң унаанын айдоочусу И. М.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, үйүнүн жер төлөөсүнөн синтетикалык каптын ичине катылган гашиш баңги каражатына окшош ачык-күрөң түстөгү күкүм сымал зат салынган 8 полиэтилен баштык табылган.

Шектүү И.Мнын түшүндүрмөсү боюнча аталган жүктү ага “Бусу” аттуу киши Бишкек шаарына жеткирип берүүсүн өтүнүп берген.

Издөө иштеринин жыйынтыгында  Ж.М. аттуу жаран кармалган.

Алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 22 кг түзгөн, азыркы учурда соттук-химиялык экспертиза даяйындалып, кармалган жарандар Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты