ИИМ: 155 млн ашуун сомго бааланган баңгизат каналына бөгөт коюлду

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ушундай эле Казакстандын атайын кызматы менен бирге Орто Азияга синтетикалык баңгизатты интернет тармагы аркылуу ташуунун жана сатуунун туруктуу каналынын ишине бөгөт койду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.


Укук коргоо органдары 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейин республиканын аймагында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар туруктуу баңги топторун жоюуга багытталган биргелешкен иш-чараладарды уюштурушкан.

Эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында Казакстан Республикасынын төрт С.Е.Д, А.Р.М, Б.К.Т, М.Б.С. аттуу жарандары жана Кыргыз Республикасынын үч Л.Д.В, И.К.А, А.Г.Т.  аттуу жарандары аныкталып, кармалды.

Биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө синтетикалык баңги заттарды өндүрүү боюнча 2 нарколаборатория аныкталды жана  жоюлду.
Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 31 кг 265 грамм баңги заттар, атап айтканда Альфа PVP — 19,5 кг, мефедрон 6 кг, гашиш 5 кг, марихуана 765 гр, баңги каналынын көмөкчүлөрү жана уюштуруучулары кармалды.
Белгилей кетсек, баңгизаттарды сатуудан болжолдуу баасы 155 миллион 545 миң сомду түздү, бул 1 миллион 808 миң 662 АКШ долларын түзөт.

Сүрөттөр жана видео: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты