Ички иштер органдарынын жетекчилик курамынын арасында бир катар өзгөрүүлөр болду

  • 5 месяцев мурун

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамынын арасында бир катар өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык милициянын полковниги Азамат Исраилов өзүнүн берген билдирмесинин негизинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын карамагына алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык милициянын полковниги Женишбек Жоробеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды. Ошол эле учурда ал ички иштер министрлигинин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулду.

Ички иштер министрлигинин буйругу Ош ОИИБдин башчысы милдеттерин убактылуу аткаруу, мурунку ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерин аткарууну бошотуу менен милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү.

Ошол эле буйрук менен, Ош облусунун Араван РИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиевге жүктөлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты