Ички иштер министрлигинде өзгөртүлгөн туу көтөрүлдү

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 2024-жылдын 1-январь күнү Ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын өзгөртүлгөн желеги көтөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланды. 

Маалыматка таянсак, тууну өзгөртүү аземине ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, министрдин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана башкалар катышты.

Эске салсак, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо экинчи, үчүнчү окууда кабыл алган. Ага 59 депутат макул болуп, 5 депутат каршы чыккан. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты