Ички иштер министрлиги эмгек мигранттарына Орусияга кирүүнүн өзгөргөн эрежелерин эскертти

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги Орусияга ишке орношуу максатында бара жаткан мекендештерге чек арадан кирүү эрежелерин эскертти.

Министрлик Орусияга ишке орношуу максатында келген кыргыз жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы «Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, кыргыз жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

Орусияна кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

Орусияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты