Ички иштер министри ротация жүргүзүү иштери дагы улантыла турганын айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-февралда Ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коллегияда 2022-жылы калктын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санарип тармагын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана башка бардык багыттар боюнча айтылды.

«Аталган иш-чаралар ушуну менен токтоп калбайт жана быйылкы жылы ушуга окшогон бир катар иш-чараларды дагы улантабыз. Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, айрымдарын ээлеген кызматынан бошоттук. Андан тышкары, республикадагы кээ бир шаардык, райондук ички иштер бөлүктөрүнүн начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, жаңы дайындоолорду ишке ашырдык. Ротация жүргүзүү иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашырабыз», — деди Улан Ниязбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты