Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине үч талапкер тандалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине талапкерлердин тизмеси бекитилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка жалпы тогуз адам талапкерлигин койгон. Алардын ичинен үч талапкерди тандалып алынган.

Алар: «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун башкы директорунун инвестициялык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, экс-премьер-министр Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директордун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана «Шумкар логистик компани» ишканасынын башкы директору Авазбек Керимбаев.

Белгилей кетсек, Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы президенти Марат Шаршекеев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты