HRW парламентти «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун кабыл албоого үндөдү

  • 6 месяцев мурун

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Уюмдун билдирүүсү 25-январда расмий сайтында жарыялады.

Уюм мыйзам долбоору кабыл алынса, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардын, анын ичинде HRW уюмунун ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилерин белгиледи.

Уюмдун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева документтин кабыл алынышы Кыргызстанды эл аралык коомчулуктан бөлүп, «дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө бузат» деп билдирди.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдогон. Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Буга чейин БУУнун үч атайын баяндамачысы жана БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү мыйзам долбоорун четке кагуу өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылган.

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлү «Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, Евробиримдиктин жана башка эл аралык донорлордун Кыргызстанда иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты