“Химиялык жер семирткичтер ден-соолукка зыян”. Текшеребиз

Социалдык тармактарда “химиялык жер семирткичтер жүрөк, боор, бөйрөк ооруларын, онкологиялык жана башка көптөгөн илдеттерди пайда кылат” деп алардан баш тартууга үндөгөн аудио билдирүү активдүү тарап жатат.

Эч качан химиялык жер семирткичтерди иштетпегиле. Азот, селитра дегендин баары уу. Реклама кылып саткандар көбөйдү. Качанкыга чейин ден-соолукту ойлобой жүрө бересиңер. Органикага өтөлү. Бул билдирүүнү баарына тараткыла. Абдулла Ташиевич айтты дегиле”, — деп айтылат билдирүүдө.

“Химиялык жер семирткичтер ден-соолукка зыян”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Абдулла Ташиевич деген ким?

“Химиялык жер семирткичтер ден-соолукка зыян”. Текшеребиз

Коомчулукка өзүн Абдулла Ташиевич деген каймана ат менен тааныткан багбан Канатбек Капаров “Бак Даават” деген уюмдун негиздөөчүсү. Аймактарды кыдырып, жергиликтүү багбандарга семинарларды өтүп келет. Социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу элди бак отургузууга, органикалык жер семирткичтерди колдонууга үндөйт. Белгилей кетчү жагдай, Ташиевич социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу “биогумус” деп аталган органикалык жер семирткичтерди сатат.

Химиялык жер семирткичтер деген эмне?

Бул өсүмдүктөргө керектүү болгон ар кандай минералдык туздарды камтыган жер семирткичтер. Жөнөкөй химиялык жер семирткичтер белгилүү бир элементти камтыйт. Алар: фосфордук, азоттук жана калийдик болуп бөлүнөт. Бул элементтердин бирөөсү эле жетишсиз болсо, өсүмдүктүн өсүүсү начарлайт. Топурактын кычкылдуулук (pH) балансы бузулганда азоттун жетишсиздиги пайда болот. Ошондуктан айыл-чарбада эң көп колдонулганы азоттук жер семирткич болуп эсептелет.

Азоттук жер семирткичтер деген эмне?

“Химиялык жер семирткичтер ден-соолукка зыян”. Текшеребиз

Азоттук жер семирткичтер – курамында чоң өлчөмдө азот бар органикалык жана минералдык заттар. Түшүмдүүлүктү арттыруу үчүн колдонулат. Органикалык жер семирткичтер табигый жолдор менен алынат жана экологияга зыян келтирбейт. Бирок алар коммерциялык максатта колдонууга ыңгайсыз. Минералдык жер семирткичтер синтетикалык аммиактардын негизинде даярдалгандыктан, эффективдүүлүгү жогору болот. Баасы дагы арзан. Азоттук жер семирткичтердин дээрлик 99% аммиактан даярдалат. Алар: селитралар (NH₄NO₃), аммоний туздары(NH3, NH4), суюк аммиак(NH3), аммиак суусу, карбамид (CH₄N₂O) ж.б. 

Экологияга келтирилген зыян

 Kloop’тун изилдөөсүнө таянсак, химиялык заттарды интенсивдүү колдонуу топурактын бузулушуна, жер кыртышынын деградациясына алып келет. Изилдөөчү,  эксперт Майрамбек Нургазиев «Клоопкo» берген маегинде мындай темп менен колдонууну улантсак, 10-15 жылдан кийин биздин топурак түшүм бербей калышы мүмкүн экендигин айткан. 

Азот бир гана топурак эмес, суу менен абанын булганышына да себеп болот. Ал сууда уулуу заттарды бөлүп чыгарат. Анын кесепети адамдарга, жан-жаныбарларга тийиши мүмкүн. 

Бул заттар адамдын ден соолугуна кандай таасир берет?

Химиялык жер семирткичтердин зыяндуулугу дайыма кызуу талкууланып келет. Бул темага байланыштуу көптөгөн  изилдөөлөр жасалган.

Азотту ашыкча колдонгондо өсүмдүктөр белгилүү өлчөмүнөн бир канча эсе чоңоюп кетет. Ал учурда пайдалуу элементтерин жоготот же алар жетишсиз абалга келет. Көлөмүнүн өтө эле чоңоюп кетиши курттардын пайда болуп, жайылышын шартташы мүмкүн. Же жалбырактар адаттагыдан көп өсүп, мөмөнүн бышуусун жайлатат

БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын алкагында окумуштуулар менен биргеликте жасалган изилдөөдө аммиактын айыл-чарбада чектен ашып колдонулушу абанын булганышына себеп болору аныкталган. Азоттук жер семирткичтер буулануунун натыйжасында абага аммиак (NH3) түрүндө чыгат. Ал эми адам ошол зыяндуу элементтер менен дем алганда өпкө оорулары күчөйт. Абанын булганышы адам өлүмүнүн көбөйүүсүнө да алып келиши ыктымал.

Экперттер мындай коркунучтарды алдын алуу үчүн жер семирткичтерди өндүрүүчү көрсөткөн доза менен, бардык талаптарга ылайык колдонууну сунушташат. Баланс сакталса, жер семирткичтер өндүрүмгө пайда гана алып келет. Аларды жердин үстүңкү бөлүгүнө эмес, атайын шайман же техниканын жардамы менен топурактын ичине көмүү туура болот. Ошондо топурак керектүү элементтерди оңой алат. Ал эми бууланып, абага чыгуу коркунучу азаят. 

Жыйынтык: Химиялык жер семирткичтер ашыкча колдонулганда адамдын ден-соолугуна зыян алып келери чын. Бирок ал кайсы ооруларды пайда кылары так аныкталган эмес. 

Ошондуктан химиялык жер семирткичтерди белгиленген көлөмүнөн ашырбай колдонуу зарыл. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты