«Хан» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү элден кечирим сурады

  • 1 год мурун
«Хан» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү элден кечирим сурады

«Хан» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү элден кечирим сурады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон Алмаз Чигентаев коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты.

Ошону менен бирге, мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты