ХАМАС жаңы лидери Яхья Синвар болгонун жарыялады

  • 1 месяц мурун

ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу жаңы саясий жетекчиси Яхья Синвар болгонун жарыялады.

Ал 2023-жылы 7-октябрдагы Израилге кол салуунун уюштуруучусу катары айтылып жүрөт.

Reuters агенттигинин маалыматында Яхья Синвар Газа тилкесинде жашырынып жүрөт. Израил түрмөлөрүндө узак жылдар кармалган Синвар — ХАМАСтын таасирдүү лидерлеринин бири.

ХАМАС тобу жаңы саясий жетекчиси Исмаил Хания июль айынын аягында Тегеранда өлтүрүлгөн.

Иранда ХАМАСтын саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмүн иликтөөгө байланыштуу жыйырмадан ашык киши кармалганы кабарланды.

The New York Times Жакынкы Чыгыштагы жана ирандык аткаминерлерге шилтеме кылып президенттин инаугурациясына келген Хания 30-июлда анын бөлмөсүнө эки ай мурда орнотулган бомбанын жарылуусунан каза болгонун жазды.

Буга чейин “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу” бул маалыматты четке кагып, Израил ракетасынан сокку урулганын билдирген. Израил ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмү боюнча жоопкерчилик алган эмес.

Reuters агенттиги беш булагына таянып, Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү ХАМАС тобунун саясий жетекчиси Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Израилге каршы болжолдуу “жооп берүү чарасын” Ирактын, Ливандын жана Йемендин куралдуу топтору менен талкуулаганын жазган.

Сүрөттө: Яхья Синвар. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты