Хабаровск шаарында шайлоо аяктады. «Ата Мекен» биринчиде, «Бүтүн Кыргызстан» экинчиде келе жатат

  • 3 года мурун

Орусиянын Хабаровск шаарындагы №9021 шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары социалдык тармактарга жарыяланды. Ага ылайык, добуш берүүгө 111 адам катышкан.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 23 добуш менен «Ата Мекен» партиясы алдыда келе жатат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 22 добуш алса, «Ыйман Нуру» партиясы 18 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирген. Ал эми эки адам баарына каршы добуш берген.

Хабаровск шаарында шайлоо аяктады. "Ата Мекен" биринчиде, "Бүтүн Кыргызстан" экинчиде келе жатат

Буга чейин Түштүк Сахалин жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктап, шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыда келе жатканы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты