Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби Айт намазда окулду

  • 2 года мурун

Түркмөнстанда молдолор Айт намаз учурунда мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Жашоомдун маңызы” аттуу жаңы китебин окушту. Бул тууралуу “Түркмөнстан хроникалары”  билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, бул жөнүндө репортажды мамлекеттик ТДХ агенттиги көрсөттү.

“Жашоомдун маңызы” – Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби. ТДХ бул “философиялык-адабий залкар эмгек түркмөн элине миңдеген жылдар бою муундан-муунга өтө турган акылмандыктын жана улуттук руханий баалуулуктардын туу чокусу” экенин жазган. Китептин бет ачарын 29-апрелде президент Сердар Бердымухамедов өткөргөн.

Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн 15 жылдык башкаруусу маалында алтымыштан ашуун китеп жазды. Анын жазган китептеринин тематикасы дагы ар түрдүү. Китептеринде жылкы асыроо, ит багуу, түркмөн салты, килемдери, чай өстүрүү жана дары чөптөргө байланыштуу темалар камтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты