Гулнура Таштанбекова дүйнө чемпионатында коло утту
- 8 месяцев мурун
Кыргызстандык балбан Гулнура Таштанбекова Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 68 кг салмакта үчүнчү орунга чыгып, коло медаль утту.
Таштанбекова 1/8 финалда Мексика спортчусун 12:4 эсебинде, чейрек финалда Италия өкүлүн 0:7 менен утту. Ал эми коло үчүн мелдеште Германиялык спортчуну 4:2 менен жеңип, Кыргызстанга турнирде экинчи медалды алып келди.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандык Нурзат Нуртаева алтын медаль уткан.
Муну бөлүшүү




