Грузиянын премьер-министри Кыргызстанга иш сапары менен келет
- 4 месяца мурун
11-13-июнь күндөрү Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет. Сапар Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ишке ашат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Бул Грузия Өкмөтүнүн Кыргызстанга дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки алгачкы расмий сапары болуп саналат.
Муну бөлүшүү




