Грузиянын Бакуриани айылы туризм аркылуу өнүккөнү чын (Фактчекинг)

14-июлда жарандык активист Улан Үсөйүн Инстаграмдагы баракчасында Грузиянын Самцхе-Джавахетск аймагындагы Боржоми шаарына караштуу Бакуриани айылында тартылган видеосу менен бөлүшкөн. Видеодо ал аталган аймак эч кандай кенди иштетпей эле, туризм аркылуу өнүккөн аймакка айланганын айткан. 

“Бул жерде чоң курорттор, отелдер бар, туристтер абдан көп. Бул үчүн [мамлекет] эмне кылган? Жөн эле жолдорду салып берген, салыктарды кыскарткан, инфраструктураны оңдогон. Анан инвесторлор өзү эле келген. Муну менен эмнени айткым келип жатат? Элестеткиле, мисалы, биздин айылда деле эки миң адам жашайт. Ал [айыл] ошол Жетим-Тоонун боорунда жайгашкан. Ошондой кичинекей айыл ушинтип өнүксө болот экен да. Мына минтип туристтерди тартып, туристтер менен иштешип, байыса болот экен. А бизде болсо, “жок, жерди эле казыш керек, жерди казсак эле байыйбыз” дешет. Тилекке каршы, биздин мээбиздин жеткени ошол жер эле казыш да, эми. … Биз дагы Арсланбаб жана башка сонун жерлерибизди ушинтип туристтерди тартып, сонун гүлдөгөн аймакка айландырсак болот. … Ошол үчүн, достор, жерди казгандан көрө мээни казыш керек. Адам капиталын, жер үстүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыш керек. Биз элге, бизнеске мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Адилеттүү сотту камсыздап, коррупцияны жойсок эле ишкерлер, инвесторлор өздөрү эле келет. Бизге мына ушул айыл мисал”, — деген активист билдирүүсүндө. 

“ПолитКлиника” медиасы жарандык активисттин билдирүүсүндөгү маалыматтарды текшерип көрдү. 

Бакуриани айылы тууралуу

Бакуриани — Грузиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Боржоми муниципалитетине караштуу шаар тибиндеги кыштак. Триалет тоо кыркаларынын түндүгүндө, деңиз деңгээлинен 1,7 км бийиктикте жайгашкан. Грузиянын улуттук статистика кызматынын 2014-жылдагы маалыматына ылайык, айылда 1800дөн ашык адам жашайт.

Климаты мелүүн. Кышы жумшак жана карлуу. Айыл бардык тарабынан тоо менен курчалгандыктан шамал көп болбойт. Кышкысын абанын  орточо температурасы -6-7ºСнин тегерегинде болот.

Бакурианинин жайы салкын, ошол эле мезгилде күнөстүү. Жылдын эң ысык айы июлда дагы абанын температурасы 20ºСдан ашпайт.

Бул аймакта кышкы жана жайкы туризм жакшы өнүккөн. Советтер Союзунун доорунда Бакуриани кышкы спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтүүчү салттуу жер болгон.

Бакурианиде Грузиядагы эң белгилүү лыжа курортторунун бири жайгашкан. Курорт 1935-жылы негизделген. Бул жерде кышкы туристтик сезон ноябрдан мартка чейин созулат.

Грузиянын улуттук статистика кызматынын маалыматына ылайык, Бакуриани кыштагы жайгашкан Самцхе-Джавахети аймагына 2022-жылдын алты айында 15 жаштан жогору чет өлкөлүк 182 миң 400 турист келген.

booking.com мейманканаларды онлайн брондоо системасынан Бакурианидеги мейманкаларды издегенибизде 221 мейманкана жана конок үйү чыкты. Баасы бир суткага 12 доллардан жогору карай кетет.

Грузиянын Бакуриани айылы туризм аркылуу өнүккөнү чын (Фактчекинг)

Бул аймактагы кыймылсыз мүлккө чет өлкөдөн инвестиция тартуу менен алектенген компаниялар дагы бар

Грузиянын Бакуриани айылы туризм аркылуу өнүккөнү чын (Фактчекинг)

Бакуриани кыштагы жайгашкан Самцхе-Джавахети аймагына 2022-жылдын биринчи чейрегинде (январь-март) чет өлкөдөн 14 млн 345 миң доллар түз инвестиция келген. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 45 млн 540 миң долларды түзгөн.

Туристтик аймак катары таанылган Бакурианиде “Бакуриани” минералдык суусу өндүрүлөт. Андан башка жер алдынан чыгуучу кандай кендер өндүрүлөрү тууралуу маалымат таба алган жокпуз. Дегеле, Грузияда тоо-кен иштетүү тармагындагы өндүрүш 1991-жылдан кийин кыскарган

2021-жылы Грузияда тоо-кен иштетүү тармагында өндүрүлгөн товарлардын жалпы баасы (валовой выпуск) 1 миллиард 677 млн ларини (601 млн 270 миң доллар) түзгөн.

Жыйынтык: Грузиянын Бакуриани айылы туризм аркылуу өнүккөнү чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты