Грузия туризм тармагынан эле жылына 1 миллиард доллардан ашык киреше табары чындык (Фактчекинг)

13-августта Медербек Эсеналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жер астындагы кенди иштетүү боюнча пикирин жазган. Анда ал Кыргызстандын азыркы таптагы мүмкүнчүлүгү туризм экенин айтып, тоо астындагы кендерди иштетүү зыян алып келерин билдирген.

“Туризм тармагын жакшы иштетсек, андан кем эмес киреше тапсак болот. Бирок бул үчүн коопсуздук, адилеттүүлүк, инфраструктура түзүшүбүз зарыл. Буга Грузияны мисал кылсак болот. Грузия жылына бир гана туризмден 1 млрд доллар киреше табат. Биздин өлкө дагы туристтер үчүн эң ыңгайлуу өлкө, кооздугу жагынан Грузиядан деле ашып кетиши мүмкүн. Келгиле, андан көрө туризм жагына жакшы көңүл буралы”, — деп жазган Эсеналиев. 

Грузия туризм тармагынан эле жылына 1 миллиард доллардан ашык киреше табары чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы Медербек Эсеналиевдин Грузия тууралуу айткандарын текшерип көрдү. 

Грузиянын Улуттук банкынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ушул жылдын жети айында эле Грузия туризмден 1 млрд 618 млн доллар киреше тапкан. Июль айында чет өлкөлүк туристтердин эсебинен түшкөн кирешенин көлөмү 476 миллион долларды түзүп, рекорд койгон. 

2021-жылы Грузия туризм тармагынан 1 миллион 245 млн доллар киреше тапкан. Коронавирус пандемиясы башталганга чейин бул көрсөткүч кыйла жогору болгон. Мисалы, 2019-жылы туризмден түшкөн кирешенин көлөмү 3 млрд 268 млн долларды, 2018-жылы 3 млрд 221 млн долларды түзгөн.

Грузия туризм тармагынан эле жылына 1 миллиард доллардан ашык киреше табары чындык (Фактчекинг)
Грузиянын улуттук банкынын сайтынан алынды

Грузиянын улуттук статистика кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө сырттан 2 миллион 393 миң турист келген. 2021-жылы Грузия 2 млрд 78 миң туристти кабыл алган. 

Грузия — Кара деңиздин чыгыш жээгинде жайгашкан Европа менен Азиянын ортосундагы өлкө. Территориясы 69 700 км².  Калкынын саны 3 млн 688 миң адам. 2021-жылы Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 18 млрд 700 млн долларды түзгөн. ИДПнын көлөмү киши башына 5 миң 42 доллардан тиет. 

Жыйынтык: Фейсбук колдонуучусу Медербек Эсеналиевдин “Грузия туризм тармагынан эле жылына 1 миллиард доллар киреше табат” деген маалыматы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты