Грек-рим күрөшү: Кыргызстандын алдын ала курамы жарыяланды

  • 6 дней мурун

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Казакстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуучулардын алдын ала тизмесин жарыялады. Дүйнө чемпионаты 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өтүп, мелдеш грек-рим күрөшү боюнча таймаштар менен башталат.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын алдын ала тизмесине тогуз балбан кирген. Алардын арасында 2022 жана 2023-жылдары дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудов да бар. Ал Астанада 82 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат.

Командалардын курамына 20-октябрга чейин өзгөртүү киргизүүгө болот.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча алдын ала курамы:

60 кг чейин — Курманбек Жапаров
63 кг чейин — Афтандил Таалайбек уулу
67 кг чейин — Раззак Бейшекеев
72 кг чейин — Амантур Исмаилов
77 кг чейин — Ырыскелди Максатбек уулу
82 кг чейин — Акжол Махмудов
87 кг чейин — Азат Салидинов
97 кг чейин — Узур Жузупбеков
130 кг чейин — Илхам Тохтаев

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты