Германиядагы 150 студенттин маселеси боюнча ТИМ териштирүү баштады

Германияга иштегени барып, качкындардын турагында калган кыргызстандык студенттер боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирүү таратты. 

Министрлик студенттер туш болгон кырдаал териштирилип жатканын билдирди. 

Ал эми Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев маселени чечүү үчүн Германиянын Бремен шаарына баратканы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Германия менен Кыргызстандын ортосунда төрт сааттык убакыт айырмасы бар. Ошондуктан бул тууралуу азыр гана кабардар болуп, дароо эле студенттер менен телефондон байланыштым. Азыр Бремен шаарын көздөй жолго чыктым. Буйруса, 4,5 сааттан кийин жетип барабыз. Маселе менен жеринен таанышып, аны мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылабыз” , —  деди Текебаев

Ушул күндөрү Германияда 150гө чукул кыргыз студент көчөдө калуу коркунучунда турганын инстаграм колдонуучусу Медиса Жокиева жарыялады. 

Маалыматка караганда, алар ар бири 55 миң сомдон чет өлкөгө жумушка жибере турган жеке фирмага төлөп, 3 ай жайкы каникулда Германияда иштегени барышкан.

Жеке компания Samara academy кыздар Германияга баргандан кийин жумушту өздөрү табышы керек деген. 

Учурда алар качкындар калган жайда калууга мажбур болуп жатышат. Кыргызстандыктар тийиштүү органдарга кайрылып, жардам берүүсүн өтүнгөн.

Бул жагдай боюнча “Samara Academy” компаниясы да түшүндүрмө берип, жогорудагы маалыматтарды толук четке каккан. Компаниянын билдиришинче, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин алдын ала төлөнгөн жана ал мөөнөт узартылат. Ошондой эле айрым катышуучулар иш менен камсыз болгондугу айтылды.

Мындан тышкары, уюм Германиядагы өнөктөш тарап студенттерди көзөмөлдөп жатканын жана алардын маселеси толук чечилгенге чейин колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Сүрөт: Скриншот

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты